Ош шаарында айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилди. Бул туурасында кечээ, 31-октябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул чечим жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу, убактылуу колдонулган чара.
"Ы.Монуев көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, аталган көчөнүн бир тарабы жабылгандыгына байланыштуу Ош шаарындагы айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилди", - деп айтылат маалыматта.