Спорт-2013: Спорт сүйүүчүлөрү күбө болгон маанилүү окуялар

Январь

* 7-январь. Аргентиналык Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча 2012-жылдын мыкты футболчусу катары карьерасында 4-ирет “Алтын топко” ээ болду.

* 17-январь. Веложарышчы Лэнс Армстронг телеканалдардын бирине берген маегинде “Тур де Франс” мелдешин допингдин жардамысыз 7 ирет утуу мүмкүн эместигин айтты.

* 20-январь. 21 жашка чейинки жаштардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы Казакстанга утулуп, Орусия жана Өзбекстан менен тең чыгып, Шериктештик Кубогунан учуп кетти.

* 22-январь. Машыктыруучу Шаршен Касенов “Лондон-2012” Олимпиадасынын жыйынтыгында ага жана анын шакирти Магомед Мусаевге мамлекет тарабынан убадаланган 20 000 долларды албаганын айтып чыкты.

* 27-январь. Теннис боюнча Чоң Шлем түркүмүнө кирген Австралиянын ачык чемпиондугунда жекеликте эркектер арасында сербиялык Новак Жокович, айымдар арасында беларустук Виктория Азаренко чемпион болду.

Февраль

* 3-февраль. Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналып, 37-ирет уюшулган бокс боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстан курама командасы 5 алтын медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду алды.

* 9-февраль. Жумгал районунун Чаек кыштагында хоккей боюнча эл аралык стандарттагы борт ишке кирип, чакан мелдеш орун алды.

* 10-февраль. Кышкы трансферлер үчүн бөлүнгөн 1 ай соңуна чыгып, Дэвид Бекхэм, Уэсли Снейдер, Дидье Дрогба, Марио Балотелли сыяктуу футболчулар клуб алмаштырды.

* 14-февраль. Түштүк африкалык жөө күлүк, Паралимпиада оюндарында белгилүү болгон Оскар Писториус сүйүктүүсү Рева Стенкампты атып салды. 32 жаштагы модель 4 ок жеп каза тапты.

* 19-февраль. Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугу аяктап, 261 балбандын ичинен 7 салмак категориясында чемпиондор аныкталды.

* 24-февраль. Грек-рим күрөшү боюнча Венгриянын Гран-Приси үчүн болгон мелдеште Каныбек Жолчубеков коло медаль утту. Канатбек Бегалиев машыктыруучу катары курамды биринчи мелдешке алып барды.

* 24-февраль. Жаштар арасындагы Дүйнө Кубогунда кыргызстандык Азамат Бектурсунов 90 килограмм салмакта баш байгени утту.

* 24-февраль. Бишкекте эрежесиз эр уруштун вале-тудо версиясы боюнча Кыргызстандын чемпиондугуна 400дөн ашык мушкер келип, 38 комплект медаль ойнотулду.

Март

* 12-март. Грек-рим күрөшү боюнча КРнын чемпиондугунун жүрүшүндө КРнын улуттук курама командасынын экс-башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов кызмат ордун Канатбек Бегалиевге расмий түрдө өткөрүп берди.

* 21-март. Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Бишкекте Макао (1:0), Пакистан (1:0) жана Тажикстан (1:0) командаларын утуп, АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына чыкты.

Апрель

* 6-апрель. Футбол боюнча Германиянын чемпиондугунда мюнхендик “Бавария” мелдештин бүтөрүнө 6 тур калганда тарыхындагы 23-чемпиондугуна жетишти.

* 12-апрель. “Лейкерс” баскетбол клубунун лидери Коби Брайанттын согончогунун тарамышы үзүлүп, 6 ай майданга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

* 13-апрель. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жарлыгы менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Байгазы Кенжебаевдин ордуна Муратбек Саралинов дайындалды.

* 23-24-апрель. УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында мюнхендик “Бавария” каталондук “Барселонаны” 4:0 эсебинде утса, дортмунддук “Боруссия” мадриддик “Реалды” 4:1 эсебинде утту.

Май

* 4-май. Мадриддик “Реалдын” легендарлуу футболчусу Альфредо Ди Стефано 86 жаш курагында 36 жаштагы секретары Жина Гонсалеске үйлөндү.

* 15-май. УЕФАнын Европа Лигасынын финалында лондондук “Челси” португалиялык “Бенфиканы” утуп (2:1), чемпион аталды.

* 17-май. Бокстун WBA версиясы боюнча чемпион орусиялык Денис Лебедев панамалык Гильерме Жонско утулуп, чемпиондук наамынан ажырады.

* 19-май. Англиялык “Манчестер Юнайтедди” 27 жыл машыктырган Алекс Фергюсондун коштошуу оюну орун алды. 5:5 эсебиндеги тең чыгуу менен бүткөн “Вест Бромвич”-“МЮ” беттешинде билеттер 3000 доллардан сатылды.

19-май. Англиялык футболчулар Майкл Оуэн, Жейми Каррагер жана Дэвид Бекхэм профессионалдык карьерасын жыйынтыкташты.

20-май. Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында Швеция атаандашы Швейцарияны утуп (5:1), тарыхында 9-ирет Дүйнө чемпиону аталды.

* 25-май. УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалында мюнхендик “Бавария” дортмунддук “Боруссияны” утуп (2:1), тарыхындагы 5-чемпиондугун камсыздады.

* 29-май. Футбол боюнча Легенда кубогунда канттык “Абдыш-Ата” Ош шаарынын “Алай” клубун утуп (2:0), легендарлуу француз футболчусу Кристиан Карамбёнун колунан медаль тагынышты.

Июнь

* 9-июнь. Теннистин Чоң Шлем түркүмүнө кирген Франциянын Ачык чемпиондугу аяктап, анда эркектер арасында испаниялык Рафаэль Надаль, айымдар арасында америкалык Серена Уильямс чемпион аталды.

* 13-июнь. Таиландда өткөн күрөш боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова 59килограмм салмакта алтын тагынды.

* 30-июнь. Бразилияда аяктаган футбол боюнча Конфедерация Кубогунун финалында үй ээси финалда Испанияны утуп (3:0), чемпион аталды.

Июль

* 2-июль. Бишкекте 20 жашка чейинки жаштар арасында оор атлетика боюнча Азия биринчилиги болуп, кыргызстандыктардан Алексей Долгалёв (105 килограмм салмакта) гана чемпион аталды.

* 6-июль. Түштүк Кореянын Инчхон шаарында жабык имараттарда ойнолуучу спорт түрлөрү жана уруш искусстволору боюнча Азия оюндарында кыргызстандыктар 1 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль утушту. Алтынды кикбокстун лоу-кик версиясы боюнча Алексей Федосеев (63,5 кг) камсыздады.

* 7-июль. Теннис боюнча Чоң Шлем түркүмүндөгү 4 мелдештин бири “Уимблдон” аяктап, айымдар арасында жекеликте франциялык Марион Бартоли, эркектер арасында британиялык Энди Маррей чемпион аталды.

* 8-июль. Иорданияда өткөн Азия чемпиондугунда кыргызстандык Азат Үсөналиев (52 кг) Кыргызстандын тарыхындагы биринчи алтын медалды алып келди.

* 9-июль. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев орусиялык мушкерлер Александр Поветкин менен Денис Лебедевди кабыл алды. Поветкин украиналык Владимир Кличкого каршы беттешине даярдыкты Кыргызстанда көрдү.

* 15-июль. Кыргызстандык футболчу, Орусиянын Премьер-лигасынын “Волга” командасында өкүл Валерий Кичин Орусиянын Биринчи Лигасында ойногон “Химик” клубунун курамына “ижарага” берилди.

* 17-июль. “Казань-2013” Бүткүл Дүйнөлүк Жайкы Универсиада оюндары аяктады. Мелдеште кыргызстандык студент-спортчулар 2 алтын, 2 күмүш жана 7 коло медаль утушту.

* 19-июль. Президент Алмазбек Атамбаев жай айында ири мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды. Анда 1-орун ээлери 150 миң сом, 2-орунду алгандар 100 миң сом, 3-орунга илингендер 70 миң сом акчалай сыйлык алышты.

21-июль. Веложарыш боюнча “Тур де Франс” мелдеши аяктап, анда британиялык Крис Фрум жеңип чыкты.

Август

* 11-август. Белгилүү футболчу Эмил Кенжесариев Алматынын ооруканаларынын бирине оор абалда жеткирилди. Бир суткадан ашык комада жаткан футболчуга эртеси операция жасалды.

* 18-август. Болгарияда жаштар арасында Дүйнө чемпиондугу аяктады. Анда Айсулуу Тыныбекова (59 кг) коло медаль тагынып кайтты.

* 18-август. Орусия тарыхында биринчи жолу жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугун кабыл алып, командалык эсепте 1-орунду ээледи. 2-орун АКШга тийсе, 3-орунду Ямайка ээледи.

* 29-август. Мюнхендик “Бавариянын” франциялык жарым коргоочусу Франк Рибери УЕФАнын версиясы боюнча Европанын мыкты футболчусу болуп табылды.

* 30-август. УЕФАнын Суперкубогу үчүн болгон беттеште УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чемпиону мюнхендик “Бавария” УЕФАнын Европа Лигасынын жеңүүчүсү “Челсини” пенальтилер сериясында утуп алды.

30-август. Алексей Федосеев борбордогу ресторандардын биринде өтүп жаткан үлпөт тойдо бирөөлөрдүн токмогуна кабылып, жаак сөөгү сынды.

* 31-август. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгына карата өткөн КРнын Президентинин Кубогун “Суусамыр-Тынай” командасы утту. Баш байгеге 1 миллион сом коюлган.

Сентябрь

* 1-сентябрь. Мадриддик “Реал” англиялык “Тоттенхэм” клубунун оюнчусу Гарет Бэйл үчүн 90 миллион евро төлөп, курамына кошуп алды.

* 8-сентябрь. Эл аралык олимпиада комитетинин 125-сессиясында күрөш спорту 2020 жана 2024-жылкы Олимпиада оюндарынын программасына калары жана 2020-жылкы Олимпиада оюндары Токиодо өтөрү тууралуу чечим чыкты.

* 10-сентябрь. Теннистеги Чоң Шлем түркүмүндөгү 4 мелдештин бири АКШнын Ачык биринчилиги аяктап, айымдар арасында америкалык Серена Уильямс, эркектер арасында испаниялык Рафаэль Надаль чемпион аталды.

14-сентябрь. Америкалык мушкер Флойд Мейвезер канадалык Сауль Альварести утуп, WBC версиясы боюнча чемпиондук наамын тартып алды.

* 15-сентябрь. Астанада көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу аяктап, кыргызстандыктар 2-орунду ээлеп калышты.

* 26-сентябрь. Кыргызстандык кикбоксчулар Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна бара жатып, Түркиядан кайра артка тартты. Окуяга спортчулардан чогулган 40 000 долларга чукул акчанын жоголгону себеп болду.

Октябрь

* 5-октябрь. Украиналык Владимир Кличко орусиялык Александр Поветкинди утуп, WBA super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондугун коргоду.

* 18-октябрь. Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) Гильермо Жонстун допинг колдонгонун аныктап, орусиялык Денис Лебедевге чемпиондугун кайтарып берди.

* 27-октябрь. Германиялык Себастьян Феттель (“Ред Булл” командасы) автожарыштардын Формула-1 сериясы боюнча Дүйнө чемпиондугун 4-ирет катары менен утуп алды.

*

28-октябрь. Футбол боюнча Кыргызстандын ТОП-Лигасында Ош шаарынын “Алай” командасы өз тарыхында биринчи чемпиондугун утуп алды.

Ноябрь

* 16-ноябрь. Теннисчи Ксения Палкина өзбекстандык Альбина Хабибулина менен жуптукта Казакстанда өткөн мелдеште 2-орунду ээледи.

* 19-ноябрь. Кыргызстан курама командасы Азербайжан менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 0:0 эсебинде тең ойноду. Футболчу Азамат Байматов оорудан улам 8 айлык тыныгуудан кийин курама командага кайтты.

* 19-ноябрь. “Москва-1980”Жайкы Олимпиадасынын чемпиону, Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев 60 жашка толду. Анын урматына ушул күнү оор атлетика боюнча эл аралык мелдешке старт берилди.

* 20-ноябрь. “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси 2013-жылкы “Алтын бутса” байгесин утту. Ал өткөн сезондо Испаниянын чемпиондугунда 46 гол киргизген.

* 21-ноябрь. Кыргызстандык Анарбек Жамакеев менен Жаңыл Сагынбекова тогуз коргоол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда чемпион аталышты.

* 23-ноябрь. 2 жолку катары менен жеңилүүдөн кийин филиппиндик Мэнни Пакьяо Брендон Риосту утту.

* 30-ноябрь. Москвада бильярддын “Кураштырма пирамида” түрү боюнча “Кремль Кубогу-2013” мелдеши аяктап, Каныбек Сагынбаев 3-орунду ээледи.

Декабрь

* 1-декабрь. Тайбоксчу Валентина Шевченко тайбокстун WKL версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталды. Шевченко түрдүү категорияларда 14-ирет Дүйнө чемпиону аталды.

* 6-декабрь. Мушкер Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларында “Украинские атаманы” клубунун курамында алгачкы беттешин утту.

* 8-декабрь. Кикбокс боюнча Түркияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Авазбек Аманбеков (57 кг) алтын, Уланбек Касымбеков (54 кг) менен Кумар Жалиев (81 кг) коло медаль тагынышты.

* 12-декабрь. Балбандар Арсен Эралиев менен Калыбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча Казакстандын президентинин Кубогун утуп, 5000 доллардан байгеге ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан