Бүгүн, 1-ноябрда Ички иштер министрлиги 100 жылдыгын белгилөөдө. Иш-чара Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Ички иштер министрлигинин ардагерлери, милиция кызматкерлери жана коомдук ишмерлер катышууда.
Иш-чарада милиция кызматкерлерин 100 жылда басып өткөн жолу сахналаштырылып көрсөтүлүп, милиция кызматкерлеринин парады өтүүдө.
1924-жылы 1-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жергиликтүү милиция кызматын түзүп, кадрларды топтоо боюнча чечим кабыл алынган.
Ошондой эле Ички иштер министрлигининдеги техникалар көрсөтүлдү.
Эске салсак, буга чейин 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү Чүй проспектиси Абдырахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, ал эми Тыныстанов, Орозбеков, Раззаков, Панфилов, Логвиненко жана Эркиндик бульвары Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн жабык болору маалымдалган.