Өзгөчө ири өлчөмдөгү метамфетамин баңгизатын ташуу менен алектенген эл аралык баңгизат тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Ал топтун Пакистан–Ооганстан–Өзбекстан–Кыргызстан маршруту боюнча метамфетамин баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторун ташып жүргөнү аныкталган.
Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында С.У. аттуу жаран кармалып, андан жалпы салмагы 67 килограммдан ашуун 300 миллион сомду түзгөн метамфетамин баңги каражаты табылып, алынган.
Ошондой эле аталган чет өлкөлүк жаран жогорудагы маршрут боюнча Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурганы аныкталды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чет элдик жаран баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары уланууда.