Азимбек Бекназаровдун абактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ, 31-октябрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, тергөө бир дагы жолу атасын суракка албай, эмне байлыгы бар экенин издөө менен алек болууда.

Белгилей кетсек, 12-сентябрда УКМК Азимбек Бекназаров “2010-жылы Апрель окуяларында банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген. Андан соң райондук соттун чечими менен камакка алынган. Саясатчы Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Ал өзүнүн кармалышын саясий негизде деп эсептей турганын билдирген.

Кийин Бекназаров президентке кайрылып, 1 миллион долларды кымырып алган деген маалыматты мурда депутаттык комиссия жана прокуратура текшерип, мыйзам бузуу таппаганын айткан. Жакындары болсо өлкө башчыдан аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан