Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата иш-чара болду.
Аталган маарекеде өлкө башчы Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктап жатып, милиция кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлгөнүн билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, бардык материалдык-техникалык база жаңыланып, коопсуздукту камсыздоо жаңы деңгээлге көтөрүлгөн.
"Өздүк курамдын төрт мезгилге төп келген сырткы кийиминен баштап, бардык материалдык-техникалык базасы чыңдап бердик. Жалпы республика боюнча милиция кызматындагылардын маянасы эки эсе жогоруласа, Баткен жергесинде кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин айлыгы төрт эсеге жогорулады.
Ошондой эле атайын күжүрмөн санарип технологиялар ишке киргизилип, коопсуздукту камсыздоо жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жаңы программаларды, кибер-коопсуздукка байланышкан техниканы колдонуп, адамды жүзүнөн таанып, ошол жерден аныктай турган заманбап технологиялар менен иш алып барууга толугу менен өттү", - деди өлкө башчы.