Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" борбордук аянтында кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата иш-чара болду.
Ага өлкө башчы Садыр Жапаров, өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
Аталаган иш-чарада жети дубандан келген милиция кызматкерлери жана коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарынын ишинде колдонулган заманбап техникалар параддан өттү.