Кечинде "Ала-Тоо" аянтында милициянын 100 жылдыгына карата концерт өтөт

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата иш-чара болду. Анда милиция кызматкерлери жана коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарынын ишинде колдонулган заманбап техникалар параддан өттү.

Аталган мааракеге өлкө башчы Садыр Жапаров катышып, Ички иштер министрлигинин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Ошондой эле бүгүн милициянын 100 жылдыгына карата майрамдык кечки концерттик программа уюштурулат. Анда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин "Ыр кесе" музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат.

Белгилей кетчү нерсе, бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги борбордук көчөлөр жабык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан