Жумгалда дайынсыз болуп жаткан эки жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган аймактын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, 1 унаа тартылды.
"Бишкек–Ош унаа жолунун 314-чакырымынан Токтогул суу сактагычына чейин Көкөмерен дарыясынын жээгинде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 08:10до чыгып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда ӨКМ менен ИИМден жалпы 81 кызматкер, 6 дрон жана жергиликтүү жарандар болуп чогуу 114 адам жеринде издешүүдө.
Белгилей кетсек, Өрнөк айылында 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз жоголгон.