Бишкекте 10 күн мурун дайынсыз жоголгон жаран Чоң Чүй каналынан изделүүдө

Бишкекти аралап өткөн Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги Свердлов районунда 20-октябрда 59 жаштагы М.А. аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

31-октябрда дайынсыз болгон жарандын кызынын кайрылуусунун негизинде жеринде издөө иши башталып, ӨКМдин 7 куткаруучусу тартылган.

Дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калгандыгы аныкталгандыгын жакындары билдирген. Ага ылайык, сууда кайык менен издөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан