Кочкор–Коммунизм жолундагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Кочкор–Коммунизм унаа жолунун 500-чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, учурда бетон аралашмасын куюу иштери жүрүп, жеринде техникалар иштеп жатат. Жаңы көпүрөнү салуу иштери жакынкы күндөрү аяктайт, андан соң асфальт басуу иштери аткарылат.

Көпүрө 3 пролёттон туруп, узуну 54 метрди түзөт, туурасы 12,5 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев үстүбүздөгү жылдын 2 -октябрында Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери менен жеринен таанышып, жумушту өз убагында бүтүрүү тапшырмасын койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан