Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Шота Руставели көчөсүндө №216 автобус жеңил унаа менен сүзүшүп, жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Айни көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатканда автобусту, Шота Руставели көчөсүнөн Ниссан (минивен) үлгүсүндөгү унаасы ала салып кеткен.
“Жеңил унаанын айдоочусу жол белгисине баш ийбей түштүктү көздөй чыга калып, жогоруда аталган автобустун алдыңкы оң капталын сүзгөн. Автобус жол жээгиндеги токтоп турган жеңил унааны сүзүп токтогон. Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар бар. Күбөлөрдүн айтуусунда, автобус өз жолу менен бара жаткан”, - деп белгиленген маалыматта.
Мэрия милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына окуя боюнча билдирүү бергендигин кошумчалаган. Ал эми мекеме кырсык тууралуу азырынча маалымат бере элек.