Бишкекте эки күн азык түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте 2-3-ноябрь күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкесин өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманке мэрия менен биргеликте уюштурулат.

"Иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге, айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат. Өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын жана кайра иштетилген продукцияны сатууну каалаган жеке ишкерлерди жарманкеге чакырабыз", - деди министрлик.

Ошондой эле бардык фермер-дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүлө тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата, Эркиндик жана Касым Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан