Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган концерт өтөт. Иш-чара саат 18:00дө башталып, ага кыргыз эстрада жылдыздары катышат.
Милициянын кайгуул кызматы иш-чарага байланыштуу саат 17:00дөн баштап Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыларын кабарлады.
"Жол иш-чара аяктаганга чейин жабык болот" дешти мекемеден.