Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев жаңы ачылган автобекеттерде жүргүнчүлөрдү шаарга жеткирүү үчүн пилоттук негизде такси кызматы ишке киргенин билдирди.
Айтымында, жаңы автобекеттердеги шарттар акырындык менен жакшыртылып жатат.
"Убактылуу уюшулган автобекеттерде электромобилдерди уюштурдук. Анын максаты - шаарга келип аткан жүргүнчүлөрдү кааланын ичине жеткиликтүү жеткирип туруу. Алардын баасы 75 сомдон" деди Ырсалиев.
Белгилей кетсек, Нарын жана Ысык-Көл облустарына каттамдар Алма-Ата 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекетинен" жөнөйт.
Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттамдар Бишкектин батыш тарабындагы жаңы "Ак-Кула" ат майданы курула турчу аймактан кетет.
Эске салсак, 23-октябрда батыш автобекети, анын ичинде "Ак-Жол" кичи автобекети ишин толугу менен токтоткон.