Бишкекте келерки жумада эки күн бала бакчалар иштебейт

Бишкекте 5-6-ноябрь күндөрү бардык муниципалдык бала бакчалар иштебейт. Маалыматты бүгүн, 2-ноябрда калаа мэриясынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, бул Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги саммитине байланыштуу кабыл алынган.

Ал эми мектеп окуучуларынын каникулу 4-ноябрда башталып, 10-ноябрга чейин созулат.

Белгилей кетсек, 6-ноябрда өтө турган саммиттин ишине Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан