Бүгүн, 2-ноябрда саат 11:50дө кыргыз-кытай чек арасында күчү очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында көрсөтүлөт.
Билдирүүгө ылайык, жер титирөөнүн очогу кыргыз-кытай чек арасында, Эңилчек айылынан 43 чакырым түштүктө, Каракол шаарынан 110 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Таш-Короо, Кургак, Эңилчек, Ак-Шыйрак, Бедел айылдарында 2,5 баллга жакын сезилди.