Тышкы иштер министрлиги Испаниянын Валенсия аймагындагы суу ташкынына байланыштуу абалды тыкыр көзөмөлгө алууну улантууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, табигый кырсыктын кесепетинен 200дөн ашуун адам каза болгон.
Министрлик билдиргендей, жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары аныкталган жок.
Кыргызстандын Франциядагы элчилиги актуалдуу маалыматтарды өз убагында алуу үчүн Испаниянын бийликтери менен туруктуу байланышта.
Элчиликтин ыкчам байланыш телефону аркылуу Испанияда жүргөн Кыргыз жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.