Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында жоголгон ата-баланы издөө иштери бүгүн, 3-ноябрда таң эрте башталды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Анда кабарлангандай, издөө иши Жумгалда жана Токтогул районунда жүрүүдө. Ага жалпы ӨКМден 34 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам жана 3 дрон тартылды.
Токтогул районунда куткаруучулар Толук айыл өкмөтү тарабын карашат.