Сыймык Бейшекеев, Бактияр Токторов баш болгон ырчылар "Ала-Тоо" аянтында ырдашты (сүрөт)

Кечээ, 2-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган концерт болуп өттү. Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышты.

Анда министр сөз сүйлөп, маданият кызматкерлеринин өлкөнүн маданий мурасын сактоодогу жана өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи.

"Сиздер — улуттук салттарды сактоочулар жана жаңычылдарсыздар, сиздердин эмгектериңиздер биздин коомдун маданий байлыгын арттырууда баа жеткис", - деген министр маданият кызматкерлеринин эмгектери келечектеги муундарды дагы шыктандыраарына ишеним артты.

Министрлик билдиргендей, аянттагы сахнада кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары элге унутулгус жана майрамдык атмосфераны тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан