Бишкекте бала бакчалар, Жогорку окуу жайлар онлайн иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек мэриясынан тастыкташты.
Ага ылайык, муниципалдык кызматкерлер жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери эки күн аралыктан иштөөгө өттү.
Белгилей кетсек, 5-6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммити жана Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон иш сапары болот.