
Бишкектин жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен 3 күн чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 4-5-6-ноябрь күндөрү өлкөгө Турциянын президенти мамлекеттик сапары менен келет. Буга байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Алар:
- "Манас" эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй кең көчөсүнө чейин;
- Чүй кең көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү түштүктү карай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
"Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", - деп эскертти мекеме.