Өлкөдө сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон .
Өрт кырсыгы катталган аймактар:
- Ош облусунда 4;
- Чүй облусунда 3;
- Ысык-Көл облусунда 2;
- Жалал-Абад облусунда 1;
- Баткен облусунда 1;
- Талас облусунда 1 өрт катталды.