Жалал-Абад облусунда Кадастр мамлекеттик мекемесинин Аксы филиалынын жетекчиси жайыт жерди өзүнүн жеке менчигине бекитип алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен 2 гектар жайыт жер аянты Т.М. аттуу жарандын жеке менчигине бекитилип берилген. Ал 2022-жылы аталган жерди мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоого алып, өзүнүн наамына мамлекеттик акт даярдатып алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.