Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Сот аны 29-декабрга чейин үй камагына чыгарган. Ошондой эле сот Мотуевдин кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан.
Нурлан Мотуев 31-октябрда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш иши козголгон.