Баткен облусуна караштуу Зардалы айылына баруучу жолдун Сары-Талаа–Кызыл-Таш бөлүгүндө кеңейтүү (бургулоо, жардыруу) жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа кыймылынын багытын жакшыртуу үчүн белгилер орнотулууда. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.
Маалымат үчүн: Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.