Бишкекте өсүмдүк калдыктарын (жалбырак, чөп), таштандыларды жана башка калдыктарды өрттөөгө мыйзам тарабынан катуу тыюу салынды. Бул тууралуу кечээ, 4-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мындай көрүнүш абага уулуу заттарды жана канцерогендерди бөлүп чыгаруу менен экологияга олуттуу зыян келтирет.
Эрежелерди бузган жеке жактар 7500 сом, ал эми юридикалык жактар 23 миң сом айып пул төлөшөт.