Кемин районунун Орловка шаарындагы балдар үйүнүн кызматкери 13 жаштагы тарбиялануучуну сабап салган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда милицияга балдар үйүнүн тарбиялануучусу сабалганы боюнча маалымат түшүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүү учурунда окуя ошол күнү саат 10:00 чамасында мекеменин ашканасында болгону такталган. Анда 45 жаштагы мекеменин кызматкери тарбиялануучу менен сүйлөшүп жатып аны бир нече жолу бетке урган.
Облустук милиция соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен кызматкердин аракетине юридикалык баа берилерин кошумчалады.
Айрым жергиликтүү басылмалар 45 жаштагы кызматкер мекеме директорунун күйөөсү экенин жазып чыгышты.