Бишкек шаарында мушташка катышкан чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга мушташ тууралуу билдирүү 3-ноябрь күнү таңкы саат 04:50 чамасында түшкөн. Жерине дароо Кайгуул кызматынын кызматкерлери барышып, чет элдик жарандардын ортосундагы чыр пикир келишпестиктен улам чыкканын тактаган.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган жана 23 жаштагы эки чет өлкөлүк милиция бөлүмүнө алып келинген.
Ошондой эле райодук милиция бардык керектүү экспертизалар дайындалганын жана алардын бири арыз менен кайрылганын кошумчалады.
Учурда тергөө иштери уланууда.