Чүйдө эне-бала дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу кечээ, 4-ноябрда Чүй ОИИБинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 31-октябрда Сокулук РИИБине жакындары кайрылып, 2001-жылы туулган Виктория Балонкина менен анын кызы 2023-жылы туулган Злата Балонкина дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.
Маалыматка караганда, алар 28-октябрда болжол менен саат 10:00дө Сокулук айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.
Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери башталган.
"Белгилери: бою 167 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы кызыл, кыска, көздөрү көк, оң колунда тырыгы бар.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0555 861 486, 0312 60 75 67 номурларына чалсаңар болот", - деп айтылат маалыматта.