Токмокто жаранды арматура менен сабаган шектүү кармалды

Токмок шаарында адам уурдоого шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Чүй ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Т.М. атуу жаран арыз менен кайрылган. Ал шаар ичинен 2 адам аны арматура менен сабап, андан соң күч колдонуу менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаага салып Чүй районунун Ак-Бешим айылындагы талаага алып барышканын, ал жактандагы ур-токмокко алышканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучунун алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Облустук милиция шектүү делгендердин бири, 23 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, экинчи шектүүгө карата издөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан