Өзгөчө кырдаалдар миристрлиги Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүрөлүн билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 6-ноябрдан 8-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар көчкү түшөт.
Ага ылайык, кар көчкү Бишкек–Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусуна, 198-231-чакырымдарында Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына түшөт.
"Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз", - деп айтылат маалыматта.