Түркиянын президенти жана Венгриянын премьери кезектеги 11-саммитке катышуу үчүн жубайлары менен 4-5-ноябрда Кыргызстанга келди.
Лидерлердин жубайлары өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова менен кыргыздын улуттук кийимдеринин көргөзмөсүнө катышты.
Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Инстаграм баракчасына сүрөт жүктөп, кыргыз маданияты менен таанышып жатканын билдирген.
"Кыргызстандын президентинин жубайы Айгүл Жапарова жана Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Левай менен бирге кыргыздын улуттук кийимдерин көрдүк. Кыргыздын каада-салты менен таанышып жатып, маданият жүрөктөрдү бириктирип турарына дагы да ынандык. Бул биримдик руху, кылымдардан берки келе жаткан баалуулуктардын жарыгында келечекке алып барашын каалайм", - деген Эмине Эрдоган.
Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн, 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги 11-саммити ишин баштады. Ага мамлекеттин башчылары, атап айтканда, президент Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын лидери Ильхам Алиев, Казакстандын башчысы Касым Жомарт-Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрү болгон Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар катышат.