Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абировдун атысы Болотбек Абиров 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда SUPER.KG порталына анын жакындары билдирди.
Абиров Болотбек Усупбекович 1953-жылы 1-декабрда жарык дүйнөгө келген.
Маркумдун жаназасы эртең, 7-ноябрда саат 11:00дө Жаманбаев 3/3 дарегинде өтөт.
SUPER.KG порталынын жалпы жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.