Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Оштогу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларында дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылды. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, анда дыйкандар райондук мекеме-ишканалардын адистеринен, «Айыл-Банк», «Элдик Банк» ААКсынын өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Белгиленгендей, азыркы учурда Каракол жана Жалал-Абад шаарларында да дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылуу алдына турат.
Айта кетсек, буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында дыйкан-фермелерди тейлөө борбору ачылган болчу.