Эртең, 7-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4;
Баткенде түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9;
Нарын жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;
Бишкек шаарында түнкүсүн 0…+2, күндүз +2…+4 градус жылуу болот.