Бүгүн, 6-ноябрда Нарын облустук, райондук жана шаардык прокуратураларынын жаңы административдик имараттарынын курулушу башталды. Бул туурасынды Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, капсула салуу аземине Башкы прокурор Максат Асаналиев катышты.
“Иш-чарада прокуратура кызматкерлерине мамлекеттик укуктук тутумун чыңдоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабы коюлду. Ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл бурулары айтылдын”, - деп белгиленген маалыматта.