Ысык-Көлдө бактарды мыйзамсыз кыйгандарга айып пул салынды 

Ысык-Көлдө экологдор бактарды мыйзамсыз кыйгандарга 100 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Түп районунун Кош-Дөбө айылында бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталган, анда 15 түп күмүш терек мыйзамсыз кыйылган. Мындан улам жалпы жаратылышка 104 миң сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Жаратылыш министрлиги мыйзамсыз кыйылган бак-дарактарды ​​конфискацияланып, тартип бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кошумчалады.

"Уруксаты жок бактарды кыюу экологиялык зыянды гана алып келбестен, юридикалык кесепеттерге алып келет, анын ичинде олуттуу айып пулдар салынат", - деп эскертти министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан