Кыргызстан менен Түркия биргеликте кинолорду тартат

Кыргызстан менен Түркия биргелешкен кино жана сериалдарды тартууга киришет. Бул тууралуу маданият министри Алтынбек Максүтов Бишкекте өтүп жаткан он биринчи саммиттин алкагында билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда аудиовизуалдык продукция өндүрүү боюнча кызматташуу келишими түзүлдү.
"Бул келишим Түркия менен биргелешип кинотасмаларды, видеоматериалдарды жана сериалдарды жаратууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле биз тажрыйба алмашабыз, бул глобалдык кинопродукция тармагында өзгөчө мааниге ээ. Жакында эле Италия менен ушундай эле келишимге кол койгонбуз", - деп белгиледи Максүтов.
Ошондой эле министр өлкөдө жыл сайын киноиндустрияны каржылоо көбөйүп жатканын айткан. Алсак 2023-жылы каржылоо көлөмү 10 эсеге көбөйсө, быйыл ал 1 миллиард сомго жеткен.
“Бул бизге башка өлкөлөр менен тең ата сапаттуу кинопроекттерди жаратууга мүмкүнчүлүк берерин көрсөтүп турат. 2025-жылы биз кинопавильондорду курууну пландап жатабыз, бул чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Сериалдары менен белгилүү болгон Түркия биз үчүн маанилүү өнөктөш болуп калат", - деп кошумчалаган ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан