Биз социалдык тармакта

Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөө иштерине 44 адам тартылды

Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн,6-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, ага ӨКМдин Нарын шаардык №16 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 22 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 7 адам болуп, жалпы 44 адам тартылды.

ӨКМ издөө иштери эртең улантыларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан