2025-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025) жарыяланды. Рейтингде Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы татыктуу орундарды ээледи. Бул туурасында Билим берүу жана илим министрлиги кабарлады.
Алардын катарын:
- Кыргыз-Түрк “Манас” университети (230-орун);
- Ош мамлекеттик университети (260-орун);
- Борбор Азиядагы Америка университети (260-орун);
- Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус-Славян университети (333-орун);
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (381-орун);
- Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (381-орун);
“Бул жыйынтык – биздин өлкө үчүн рекорд жана акыркы 2-3 жылда өлкө жетекчилигинин колдоосу менен кесиптик жогорку билим берүү багытында жасалган жумуштардын жыйынтыгы”, – дейт министрдин орун басары Расул Абазбек уулу.