Бүгүн Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөөгө 54 адам чыкты

Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн, 7-ноябрда 54 адам жөнөп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, издөө иштерин координациялоо үчүн ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу жана издөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМден 28 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам, жалпы 54 адам тартылды.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери уланууда.

Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан