"Сиздердин иш жөн гана маалымат жеткирүү эмес". Акылбек Жапаров журналисттер менен жолукту 

Бүгүн, 7-ноябрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту.

Анда Жапаров коомдук пикирди калыптандырууда журналисттердин ролу чоң экенине токтолуп, санариптик доордо журналисттердин ролу дагы жогорулай тургандыгына ишеним берди.

“Технологиянын тез өнүгүшүнө жана жашообузга жасалма интеллекттин киргизилишине карабастан, журналисттин кесиби маанилүү жана алмаштырылгыс бойдон калууда. Сиздердин иш жөн гана маалымат жеткирүү эмес, ал контекстти түзүү, окуяларды талдоо жана аларды коом үчүн жеткиликтүү кылып көрсөтүү. Техниканын өнүккөн доорунда сиздердин ролуңуздар дагы жогорулайт деп ишенем. Жасалма интеллект адамдын түшүнүгүн, интуициясын жана эмпатия жөндөмдүүлүгүн журналистиканын чыныгы кайталангыс сапаттарын алмаштыра албайт", - деди Жапаров.

Ошондой эле өкмөт башчы ата мекендик журналистиканы жана басма сөз каражаттарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

“Быйыл жана келерки жылы биз орчундуу учурду эки көрүнүктүү басылманын: “Кыргыз-Туусу” гезитинин жана “Слово Кыргызстана” гезитинин 100 жылдыгын белгилейбиз. Бул гезиттер өлкөбүздүн тарыхынын күбөлөрү гана болбостон, анын калыптанышына да активдүү катышуучулар болуп калышты. Алар замандын демин чагылдырып, эң маанилүү окуяларды жарыялап, коомдо болуп жаткан окуялардан кабардар болууга жардам беришкен. Мен бул басылмалардын башатында тургандардын баарына, ошондой эле бүгүнкү күндө алардын ишин улантып жаткандарга терең ыраазычылык билдиргим келет”, - деген ал.

Жолугушуунун соңунда төрага журналисттерге ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана бакубатчылык каалап, сыйлыктарды тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан