Нарындагы оор жүк ташуучу унааларга эл аралык уруксат кагаздарын берүү пунктунда кошумча терезелер ачылат

Бүгүн, 7-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 354-чакырымында жайгашкан Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин эл аралык уруксат кагаздарын берүү пунктунда жаралган кырдаалга байланыштуу Нарын облусуна иш сапар менен барды. Бул туурасында маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, министр жеринде айдоочулар менен жолугуп, узун кезек жаралбаш үчүн күнү-түнү нөөмөт түзүү керектигин айтты. Ошондой эле Кытайга чыгууга уруксат кагаздарын берүүгө кошумча терезелерди ачуу менен жүк ташуучуларга шарттарды түзүү тапшырмасын койду.

Мындан тышкары электрондук уруксат кагаздарын берүү боюнча тиешелүү иштерди алып баруу керектигин кошумчалады.

"Буга чейин социалдык тармактарга уруксат кагаздарына байланыштуу жарыяланган видео боюнча министрдин тапшырмасы менен комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүрөт. Аталган пункт азыркы тапта штаттык режимде иштеп жатат, кезек күткөн айдоочулар жок", - деп белгиленген маалыматта.

Кошумчалангандай, уруксат бланктарын алууда кандайдыр бир көйгөй жаралса, төмөнкү телефондорго чалуу керек:

+996 554 330 191;

+996 550 347 777;

+996 555 218 898.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан