Жапаров терс жаңылыктарга азыраак көңүл бурууга чакырды 

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров журналисттерди туристтер үчүн жагымдуу өлкө катары Кыргызстандын позитивдүү имиджин түзүүгө чакырды. Мындай пикирик бүгүн, 7-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолушканда билдирди.

Анда Жапаров журналисттерди терс жаңылыктарга азыраак көңүл бурууга чакырды.

“Келиңиздер, өлкөбүз жөнүндө оң маанайда жазып, терс жаңылыктарга азыраак көңүл бурганга аракет кылалы”, - деген Акылбек Жапаров.

Ошондой эле экономикадагы жетишкендиктер менен бөлүшүп, өлкөнүн ИДПсынын жана бюджетинин өсүшүн белгилеп өткөн. Ал Кыргызстандын башкы байлыгы катары адамдык капиталдын маанилүүлүгүнө, мындан тышкары коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү темасына токтолуп, бул жаатта алгылыктуу өзгөрүүлөргө токтолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан