Эртең, 8-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарда жаан, кар жаайт.
Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4
Бишкек шаарында түнкүсүн -3…-5°, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.