Министр Сыргабаев Нарындагы көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кочкор-Коммунизм унаа жолунун 1500-чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери жакынкы күндөрү аяктайт.

Азыркы тапта бетон аралашмасын куюу иштери жүрүп, жеринде техникалар иштеп жатат. Көпүрө 3 пролеттон туруп, узундугу 54 метрди, туурасы 12,5 метри түзөт.

Министр иш ыргагын ыкчамдатуу менен көпүрөнү белгиленген мөөнөттө колдонууга берүүнү тапшырды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан