Кечээ , 6-ноябрда нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Маңка-Жар коктусундагы сел тосмодогу сууну сордуруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, тазалоо иштери ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусуповдун көзөмөлүндө Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жатат.
"Жеринде иш алып барып жаткан куткаруучулардын берген маалыматына ылайык, Маңка-Жар коктусунда абал туруктуу", - деп айтылат маалыматта.