Бүгүн, 8-ноябрда Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 127-чакырымына кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.
"Азыркы тапта Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 800 метр кубду түзөт", - деп билдирди министрлик.
Кошумча маалымат берилет.