Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 9-ноябрда Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 ... -6, күндүз +2 ... +7,
Талас облусунда түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +1 ... +6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +9 ... +11,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +5 ... +7,
Нарын облусунда түнкүсүн -5 ... -7, күндүз +3 ... +5,
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +4 ... +6 градус жылуу болот.